Баш прокуратура Атамбаевди экс-президенттиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңешке чечимин жиберди

  • 5 лет мурун

Баш прокуратура Жогорку Кеңешке Алмазбек Атамбаевди экс-президенттиктен ажыратуу боюнча чечимин жиберди.

Бул тууралуу парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин төрайымы Наталья Никитенко ЖМКга билдирди.

«Регламент жана Конституция боюнча комитет бул маселени карайт» деди ал.

Жакын арада Жогорку Кеңеш Баш прокуратуранын Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу боюнча көрсөтмөсүн карай турганы кутүлүүдө. Ушул айдын аягында парламент жайкы каникулга тарайт.

Жогорку Кеңеш 20-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссиянын корутундусун карап жана Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча Баш прокуратурага сунуш жиберген.

Экс-президентке мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алуу, Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык көрүнүштөр, кримтөбөл Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна катышы, ЖЭБке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуу боюнча айып тагылууда.

Ал эми Кыргызстан социал-демократтар партиясы депутаттык бул комиссия мыйзамсыз түзүлгөн жана Атамбаевди экс-президенттиктен ажыратуу да мыйзамсыз болот деп эсептейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты