Арыс шаарындагы жарылуу болгон аймактан жашоочулар көчүрүлүп жатат (Видео)

24-июнда Казакстандын Арыс шаарына жакын жердеги курал-жабдык сактоочу кампада жарылуудан кийин ооруканага ондогон адамдар түшкөнү кабарланды.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Интернетке жайгаштырган видеолордо асманга көтөрүлүп жаткан калың түтүндү, жарылуунун үндөрүн жана кымгуут түшүп ары-бери чуркаган адамдарды, шаардан чыгып бараткан машинелердин тыгынын көрүүгө болот.

Бул арада жергиликтүү бийлик жарылуу болгон аймактагы адамдарды көчүрө баштаганын маалымдады. “Ыкчам линия” иштеп жатат.

Арыс шаарынын акимчилиги тараткан маалыматка ылайык, № 44856 аскер бөлүмүндө жарылуу болуп, өрт тутанганы тууралуу маалымат жергиликтүү убакыт боюнча 09:20да түшкөн.

24-июнга түшкө жуук Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө “24-июнда Түркстан облусуна караштуу Арыс аймагына жакын жердеги Коргоо күчтөрүнө караштуу арсеналдардын биринде курал-жабдыктардын жарылуусуна алып келген өрт тутанган. Азырынча жабыркагандар жана курман болгондор жок. Окуянын себептери такталууда. Атайын комиссия түзүлүп, окуя болгон жерге жөнөтүлдү”, -деп жазылат.

40 миңдей адам жашаган Арыс шаарынын жанында Коргоо министрлигинин аскердик бөлүмү жайгашкан. Мурдараак Өзгөчө кырдаалдар комитети жарылуу болгон аймакта ондогон куткаруучулар иштеп жатканын билдирген.

Арыс Шымкенттен 150 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаарда 43 миң киши жашайт.

Арыстагы полигондо буга чейин бир нече жолу жарылуу болгон.

2009-жылы Арыстагы кампада жарылуу болуп, төрт киши каза тапкан, жыйырмага чукул адам ар түрдүү жараат алган.

2015-жылы полигон аймагындагы жарылуудан бир киши өлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, кырсык ок-дарылар менен өндүрүш калдыктарын жок кылуу маалында чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты