​Суусамырда Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси белгиленет

  • 5 лет мурун

29-30 — июнда Суусамыр өрөөнүндө кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, балбан, Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси белгиленет.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маараке ачык асман алдында өтөт. Анда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын жана Жайыл райондук маданият бөлүмүнүн артисттери катышкан концерттик программа жана театр өнөрү тартууланат.

29- июнда саат 08:00 -19:00 гө чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы Кожомкул айылындагы ат майданда “Көк бөрү”, “Эр эңиш”, “Кыргыз күрөшү”, “Ат көтөрмөй” жана “Таш көтөрмөй” оюндары өтүп, жеңүүчүлөргө байге 30- июнда тапшырылат.

Кыргыз элинин айтылуу балбаны, мамлекеттик ишмер Каба уулу Кожомкул 1888-жылы (документтеринде 1889-жыл) Суусамыр өрөөнүндөгү Жоо-Жүрөк жайлоосунда балбандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал 1955-жылы кайтыш болгон.

Ал 1918-1955-жылдар аралыгында Суусамырда Кедейлер комитетинде төрага, Суусамыр жайлоо кеңешин уюштуруп, аны жетектеген. Көкөмерен, Баш-Кууганды, Кайырма айыл кеңештеринин төрагасы, Кара-Балта районунун жер бөлүмүнүн башчысы “8-март” калхозунун ферма башчысы ж.б. жумуштарда эмгектенген.
Кожомкулдун атасы Кошуке уулу Каба (1827-1906 -ж.ж. ) болгон. Кожомкул атасынын балбандыгын кайталай алган эмес. Каба Кожомкулдан да карылуу болгону менен атак-даңк жагынан уулуна жеткен эмес.

Кожомкулдун баса белгилеп, айта кетчү сапаты – анын кайрымдуулугу болгон. Балбандыктан алган байгесинин көбүн жетим-жесир, бей-бечара, майыптарга таратып берген. Өмүрүндө көптөгөн байгеге ээ болсо дагы байлык чогултпай, эл катары карапайым жашап өткөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты