Атамбаев: «Жээнбеков ойдон чыгарылган айыптоо менен мени соттоодон башка ыкма таппай турат»

Экс-президент Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, жалган айыптоо менен аны соттогону жатышканын билдирди.

«Жогорку Кеңеш тарабынан менин дарегиме айтылган айыптоолор жеткен сандырактык, алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге таянган жана учурдагы президенттин саясый атаандашты четтетүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан.

Сооронбай Жээнбеков менин оозумду жабуу үчүн ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоодон башка ыкма таппай турат» деди Алмазбек Атамбаев.

Апрель революциясынан кийин алардын көпчүлүгү жеңилдиктеринен, мыйзамсыз жем жеген акырынан жана уурдаган мүлкүнөн кол жуушкандыгын белгиледи.

Ошондой эле экс-президент тегерегиндеги адамдарды тандоодон адашканын айтты:

«Тилекке каршы, мен жанымдагы адамдардан абдан адашкан экенмин. Президент кезимде Жээнбековдор баш болгон кошоматчылар бүгүн ашынган душман менен сынчыга айланып чыга келишти.

Мени коргоп жаткандардын көпчүлүгү кезинде кызматы жок же ал тургай, мен бийликте турган кезимде кордук көргөн адамдар» деди ал.

Экс-президент ар бир чечими үчүн жооп берүүгө даяр экенин, бирок таңууланып жаткан нерселерге макул эместигин айтты:

«Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана президенттик кызматтагы ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын.

Бирок мага Жээнбековдор тарабынан таңууланып жаткан, күнөөкөрдүн ролуна, калп менен ушактарга эч качан макул болбойм,

Жээнбековдордун, алардын кошоматчыларынын бирин да эч ким «автомат такап» өкмөттү, парламентти, комитеттерди башкарууга, укуктук-ченемдик актыларга кол койгонго мажбурлабаганын адамдар көрүп, билип турат. Чындык жана мыйзам мен тарапта! Мага намыс – өмүрдөн кымбат!” деди Атамбаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты