«​Альфа Телеком» ж.б. кирешеси кыскарууда. Өкмөт Улуттук башкаруучу компания түзүүнү көздөйт

  • 5 лет мурун

«Улуттук башкаруучу компания» түзүү мамлекеттик компанияларды холдингдер модели боюнча башкаруунун борборлоштурулган тутумун киргизүүгө жана топ-менеджерлерди тартууга шарт түзөт.

Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-июнда, Өкмөттөгү кеңешмеде билдиргенин Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүк көрсөткүчү төмөн, таза кирешенин суммасы кыскарууда.

Бул «Альфа Телеком», «Дастан», «Ишкерликти өнүктүрүү фонду», «Нарын ГЭС», «Найман ГЭС» акционердик коомдору сыяктуу жана башка бир катар ишканаларга тийиштүү.

«Бишкек машина куруу заводу» ААК жана «Кепилдик фонду» ААК сыяктуу компаниялардын сарптоо пландары 206,08% жана 162,38% көбөйгөн.

«106 мамлекеттик ишкананын 51и рентабелдүү эмес. 52 акционердик коомдун ичинен 22 компания киреше алып келбейт. Биз ар бир объекттин ишин карап чыгышыбыз керек.

Бюджетке жана экономикага пайда алып келбеген бардык мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү зарыл» деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Улуттук башкаруучу компания» АК түзүү мамлекеттик компанияларды холдингдер модели боюнча башкаруунун борборлоштурулган тутумун киргизүүгө жана ишке топ-менеджерлерди тартууга шарт түзөт.

Ошондой эле бул өлкө экономикасынын кызыкчылыгында мамлекеттик компанияларга кошумча ресурстарды жана инвестицияларды тартууга багытталган чечимдерди кабыл алууну өбөлгөлөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты