45 тонна ун жана 8,6 тонна коон алып келүүдөгү мыйзам бузуу аныкталды

  • 5 лет мурун

Салык кызматкерлери 20-июнда түн ичинде «Чалдыбар автожолу» кыргыз-казак чек арасынан өлкөгө тийиштүү документтери жок, жалпы 8,6 тонна коон алып келе жаткан беш машинаны аныктады.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, башка импорттоочунун автоунаасында коштомо кагазда көрсөтүлгөн маалыматтар менен ташып келинип жаткан ундун иш жүзүндөгү сорту дал келбегендиги аныкталган.

Тактап айтканда, 1-сорттогу 45 тонна ун алып келингендиги көрсөтүлсө, иш жүзүндө ал жогорку сорт болуп чыккан.

Бул иш Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты