​Кулматов менен Ибраимовдун сотунда адвокаттын өтүнүчү четке кагылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 21-июнда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор шаардын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланууда.

Адвокат Сергей Слесарев «Дастан» компаниясы боюнча кылмыш ишин кыскартууну суранды. Себеби анын айтуусунда эч кандай мүлк уурдалган эмес.

«Акционердик коом сатып алган мүлктүн жарымы кампада турат. Таланып-тонолгон эмес» деди Слесарев.

Бирок сот адвокаттын өтүчүн четке какты.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда 2 миллион долларды пайдаланууда коррупцияга жол бергендиги боюнча айыпталууда.

Ал эми экс-мэр Албек Ибраимов «Дастандын» жетекчиси кезинде 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелип айыпталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты