​Президент тышкы соода жүгүртүүдө статистикалык айырмачылыкты кыскартууга көңүл бурду

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-июнда, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алуу учурунда, статистикалык маалыматтардын тактыгын камсыздоо, бардык жашоо тармактарда, өзгөчө тышкы соода жүгүртүү боюнча статистикалык айырмачылыктардын көлөмүн кыскартуу зарылдыгына көңүл бурду.

Бувл тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Султанов 2019-жылдын январь–май айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берди.

Статкомитеттин маалыматтарына ылайык, ушул жылдын 5 айында ИДПнын өсүшү 184 миллиард сомду түзүп, 5,6 пайызга жогорулады.

Өсүш өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, курулуш жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен жогорулаган. Ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын 4,9 пайызга өсүшү белгиленди.

Мамлекет башчы Улуттук статистика комитети региондор боюнча статистикалык маалыматтардын, алардын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалыматтардын толуктугун жана актуалдуулугун камсыз кылып, жумуштун аналитикалык жагын күчөтүү керектигин белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты