​Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди экс-президент укугунан ажыратуу маселеси каралып жатат

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеӊеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө токтомдун долбоору каралып жатат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге күнөө коюу маселеси боюнча убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы угулду.

Баяндамачы мыйзам талаптарына ылайык, экс-президент статусунан ажыратылгандан кийин гана жазык жоопкерчилигине тартылыш мүмкүн экендигин билдирди.

Депутаттык атайын комиссиянын төрт жыйыны өткөрүлүп, адегенде экс-президент Алмазбек Атамбаевге адегенде тогуз айып тагылган, бирок иликтөө жыйынтыгында ал алтыга чейин кыскартылган.

Экс-президентке мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алганы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, ТЭЦке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алышы боюнча айып тагылууда. Ушундан улам, комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча шектелүүгө негиз бар деген жыйынтыкка келген.

Жогорку Кеӊеште экс-президент Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө токтомдун долбоорун талкуулоо улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты