Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча маселе карайт

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 20-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча комиссиянын сунушу, маалыматы каралат.

18-июнда, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитеттин жыйынында экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Алмазбек Атамбаевге күнөө коюу боюнча корутунду берүү үчүн түзүлгөн депутаттык атайын комиссиянын маалыматы угулган.

Комиссия ишинде демилгечи топ тарабынан көтөрүлгөн 9 пункттан турган айыптоолор каралып, алардын 6 пунктунда мыйзам бузуулар бар деген тыянак чыгарылган. в.

Комитет мүчөлөрү экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Атамбаевге күнөө коюу боюнча атайын комиссиянын корутундусун эске алуу чечими кабыл алынды. Маселе Жогорку Кеӊештин кароосуна жиберилди.

17-18-июнда атайын депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча маселе карап, корутунду чыгарды.

Ал эми Кыргызстан социал-демократтар партиясы депутаттык бул комиссия мыйзамсыз түзүлгөн жана Атамбаевди экс-президенттиктен ажыратуу да мыйзамсыз болот деп эсептейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты