​Жогорку сот Текебаевдин ишин 16-июлда кайра карайт

  • 5 лет мурун

Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын камакта жаткан лидери, Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыкмай болду.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, Жогорку сот ишти кароону 16-июлга белгиледи.

Юристтер бул иштеги негизги күбө — Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдирип келишет.

Февраль айында партиянын юристтери жана «Адилет» укук клиникасы Өмүрбек Текебаев жана Өзгөчө кырдаалдар экс-министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан.

3-майда Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Ага чейин, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберишип, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Быйыл 31-майда Текебаев саламаттыгына байланыштуу №47 колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Венеция комиссиясы Өмүрбек Текебаевди камоого саясий себеп бар деп тапкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты