Жайлоо өнүгүү борборлору ачылууда

  • 5 лет мурун

Тоолуу райондордо Жайлоо өнүгүү борборлору ишин баштады.

«Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген, Кыргызстандын жети дубанынын тоолуу райондорунда балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган 100 дөн ашуун жайлоо өнүгүү борбору ишин баштоодо.

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы “Ата-бала” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына район акими, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, ата-энелер катышты.

“Учурда 28 бала тарбияланууда. Аларга ар кандай мастер класстар өтүлүүдө.Билим берүү башкармалыгы тарабынан балдарга көптөгөн китептер берилди. Айыл өкмөтү балдардын жана тарбиячылардын тамак-аш маселесин чечип бермей болду» деп билдирди райондук билим берүү бөлүмүнүн бала бакчалар боюнча адиси Чынара Табылдиева.

Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов балдарга жомок окуп берди.

Жайлоого чыгып, жайланышып жаткан уюштуруучулар жайлоодогу балдар, ата-эне өнүгүү борборунун уюштуруучулары, өнөктөштөрү, жайлоо өнүгүү борборун балдар, ата-энелер абдан күтүп жаткандарын белгилеп жатышат.

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кайнама жайлоосундагы “Нур үлгү” жайлоо борборунун ачылышына шаардан жайлоого эс алууга келген балдар да кошулуп, өзгөчө шаң менен ачылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты