​АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттар чыгарыла баштайт

  • 5 лет мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШда мыйзамсыз жүргөн миллиондогон мигрант өлкөдөн чыгарыла турганын билдирди.

Бул тууралуу ал «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Депортация иштери кийинки жумада башталат. Алар Америкага кандай кирсе, ошондой ылдамдык менен чыгарылат. Алардын арасында бүтүндөй үй-бүлөлөр, алардын балдары дагы бар» деп жазды Трамп.

Маалыматтарга караганда, бул аракет көбүнчө федералдык соттор тарабынан өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирилген, бирок бул талапты аткарбагандарга багытталат.

Адатта Кошмо Штаттардын Иммиграциялык-бажы кызматы (ICE) мыйзамсыз жүргөн мигранттарды чочутуп албаш үчүн, алдыдагы рейддери тууралуу маалыматтарды жашыруун кармайт.

Бүгүн Орландодо өтө турган митингде Дональд Трамп кайрадан президент болуп шайлануу боюнча өнөктүгүн расмий түрдө баштайт. Анда көтөрүлө турган негизги темалардын бири иммиграция болот деп күтүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты