​Депутат Исмаилова: «Көптөгөн аткаминердин бизнеси мамбюджеттен уурдалган акчага түптөлөт»

  • 5 лет мурун

Көптөгөн аткаминерлер мамлекеттик каражатты жеке кызыкчылыгына жумшоонун кыныгын алган.

Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Андан тышкары, депутат Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) акысыз кызмат көрсөтүү чараларын көрбөгөнүн белгиледи.

«Ушул кезге чейин калктын калыӊ катмарына кепилденген акысыз медициналык кызмат көрсөтүлбөй келет. Муну да эстен чыгарбашыбыз керек» деди Аида Исмаилова.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов мекемелерге эскертүүлөр берилип жатканын, алар аны милдеттүү түрдө жоюшу керек экенин белгиледи.

«Ал эми ММКФга кайрылсак, анын бюджети өтө чоӊ – 15 млрд сомдун тегерегинде. Текшерүү учурунда 21 млн 790 миӊ сомдук каржы тартибин бузуу аныкталган, азыр анын жарымынын орду толтурулду. Адатта, дары-дармектерди сатып алганда, ашыкча акча калып калат. Ошондуктан, каражатты туура бөлүүнү пландаштыруу зарыл» деди төрага.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты