​Финполиция жүк ташуучу унаа контрабандасынын бетин ачты

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгы «Вольво» жүк ташуучу унаасын жана анын «Ванхуд» аттуу чиркегичин алып кирүүдөгү контрабанданы аныктады.

Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаа 2016-жылы эле киргизилгени аныкталды. Унаа каттоого М. А. нын наамына коюлган. Бирок М. А. бул унааны сатып албаганын билдирген.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренеси, контрабанда боюнча киргизилди.

Анын натыйжасында белгисиз кишилер тарабынан киргизилген бул унааны алып кирүүдөн келтирилген чыгым 1 миллион 408 миң 512, 98 сом болгон.

10-июнда бул унаа Токмок шаарынан кармалып, айыпка жыгылган унаа токтотуучу жайына коюлду.

Бул факты боюнча тергөө иштери башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты