​Экс-президент боюнча комиссия корутундусу Жогорку Кеңеш кароосуна жиберилди

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 18-июнда, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитеттин жыйынында экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Алмазбек Атамбаевге күнөө коюу боюнча корутунду берүү үчүн түзүлгөн депутаттык атайын комиссиянын маалыматы угулду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

«Комиссия ишинде демилгечи топ тарабынан көтөрүлгөн 9 пункттан турган айыптоолор каралып, алардын 6 пунктунда мыйзам бузуулар бар деген тыянак чыгарылды» деди комиссия төрагасы Каныбек Иманалиев.

Комитет мүчөлөрү экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Атамбаевге күнөө коюу боюнча атайын комиссиянын корутундусун эске алуу чечими кабыл алынды. Маселе Жогорку Кеӊештин кароосуна жиберилди.

17-18-июнда атайын депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча маселе карап, бүгүн корутунду долбоорун чыгарды.

Ал эми Кыргызстан социал-демократтар партиясы депутаттык бул комиссия мыйзамсыз түзүлгөн жана Атамбаевди экс-президенттиктен ажыратуу да мыйзамсыз болот деп эсептейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты