​The New York Times гезити АКШ президентинин айыптоосуна жооп берди

  • 5 лет мурун

The New York Times гезити АКШ президенти Дональд Трамптын «чыккынчылык» боюнча айыптоолоруна жооп берди.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Ак үйдүн башчысы Кошмо Штаттар Орусиянын энергетикалык системасына чабуулду жандандырганы тууралуу басылманын жаңылыгын «жалган» жана «чыккынчылык» деп атаган.

«Басылманы чыккынчылыкка айыптоо өтө кооптуу» деп жазды The New York Times гезитинин редакциясы «Твиттердеги» баракчасына.

Гезит макала чыкканга чейин өкмөткө бул тема боюнча жаңылык жарыялана тургандыгы жөнүндө маалымат бергенин билдирди.

15-июнда The New York Times Ак үйдүн учурдагы жана мурдагы кызматкерлерине шилтеме кылып, америкалык атайын кызмат өкүлдөрү кеңейтилген ыйгарым укуктарын пайдалануу менен Орусиянын энергетика системасынын компьютердик түйүндөрүнө чабуул коюу аракетин жандандырганын билдирген.

Гезиттин маалыматына караганда, бул орусиялык хакерлердин активдүүлүгүн токтотуп, ошол эле маалда алардын чабуулдарына контрсоккуларды жасоо каражаты болот.

АКШ Орусияны өлкөнүн энергетикалык түйүндөрүнө чабуулдарды жасоого жана 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө айыптап келет. Орусия башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишкенин четке кагууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты