Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия ишин эртең улантат

  • 5 лет мурун

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караган убактылуу депутаттык комиссия жыйыны ишин эртең, 18-июнда, улантат.

Бүгүн, 17-июнда, аталган убактылуу комиссия жыйын өткөрүп, экс-президентке коюлган айыптар боюнча жарыш сөздөргө орун берди.

Анда Атамбаевдин бийлиги учурунда сот жоопкерчилигине тартылган журналисттердин атынан Нарын Айып, саясий ишмерлер Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров ж.б. экс-президентке айып тагуу боюнча өз жүйөлөрун айтты.

Ошондой эле ИИМдин, башка ведомство өкүлдөрү Атамбаевдин президенттиги учурундагы иштердин 40 жакын депутаттар кол койгон айып корутундусу боюнча пикирин билдирди .

Депутаттык убактылуу комиссиянын иши эртең, 18-июнда, улантылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты