Экс-мэрлер соту: Адвокат мектеп жана пансионат боюнча кылмыш ишин токтотууну суранды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 17-июнда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту болду.

Сотто Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев Ибраимовго «Солнечный берег»-«Күнөстүү жээк» пансионаты боюнча козголгон кылмыш ишин кыскартууну суранды. Себеби пансионат сатылган учурда ал директор болуп иштеген эместигин билдирди.

Ал эми Албек Ибраимов бул ишти жасаган кызматкер күнөөнү мойнуна алды деп айтты.

«Чыгым 152 млн сом болду. Тергөө учурунда үчүнчү сатып алуучу пайда болду. Ал 82 млн сомго сатып алганын билдирди. Бул акчаны ал төгүп берди» деди Ибраимов.

Ошондой эле экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев аларга Калыс-Ордо мектеби боюнча козголгон кылмыш ишинде кылмыштын курамы жок экенин айтты.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда 2 миллион долларды пайдаланууда коррупцияга жол бергендиги боюнча айыпталууда.

Албек Ибраимов «Дастандын» жетекчиси кезинде 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирген жана жер бөлүүгө тиешеси бар деп айыпталууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты