Тармактык профсоюз уюмдарынын өкүлдөрүнүн каршылык акциясы өттү

  • 5 лет мурун

Бишкекте тармактык профсоюздар уюмдарынын өкүлдөрү “Профсоюздар тууралуу” мыйзам долбооруна каршылык акциясына чыгышты. «ПолитКлиника» медиасынын фейсбук баракчасында биздин кабарчыларыбыз түз эфирден көрсөтүп жатат.

Акцияга ишкана-мекемелердин, тоо-кен, көмүр казуу, металлургиялык, мунай зат иштетүү өнөр жайынын профсоюздук уюмдарынын өкүлдөрү чыгышты.

Алар Жогорку Кеңештин депутаттары Г. Асылбаева, М. Бакиров, Д. Төлөнов, Т. Масабиров демилгелеген “Профсоюздар тууралуу” мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти.

Акцияга катышкандар мыйзам долбоору буга чейин коомдук талкууга коюлганын , бирок анда айтылган сунуш-пикирлер эске алынбаганын белгилешти.

Алардын айтымында, мыйзам долбоору эл аралык эмгекти уюштуруу ченемдерине каршы келет. Мыйзам долбоору эмгекчилердин биригүү эркиндигине доо кетирет.

Акцияга чыккандар мыйзам долбоорунда тармактык профсоюз уюмдарына чектөө коюлуп калганын айтышты. Анда профсоюздар уюмдарынын баары бир уюмга—профсоюздар федерациясына бириктирилген иерархия боюнча түзүлө турган болуп калган. Профсоюз уюмдары кандай болуп биригет, бул алардын өз эрки болушу керек. Бул жерде профсоюз уюмдарынын каражаты тууралуу маселе турганын да алар белгилеп өтүштү.

Профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү каршылык акциясынын акырында флеш-моб кылып, профсоюздар федерациясынын имаратын тегерете курчап турушту. Нааразылыгын билдиргенден кийин тарап кетишти.

Тармактык профсоюз уюмдары аталган маселе боюнча Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу кабыл алышты.

Сүрөт: Медиа «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты