Жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон жардам берүү сунушталууда

  • 5 лет мурун

Өкмөт «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Токтом долбоорун Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жакыр жашаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштеп чыккан.

Анда мындай үй-бүлөлөргө 100 миң сомго чейин бир жолку социалдык жардам көрсөтүү, аны ишке ашырууга жыл сайын мекеменин бюджетинен 300 миллион сом бөлүү тууралуу сунуш камтылган.

Мындан тышкары жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эмгекке жарамдуу мүчөлөрү иш менен камсыз болушу үчүн бир жолку каражат бөлүү жөнүндө демилге көтөрүлүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты