​Сооронбай Жээнбеков менен Индия премьер-министри Нарендра Моди жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга расмий сапар менен келген Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий жолугушуу аземи бүгүн, 14-июнда, болду.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Индиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Сооронбай Жээнбеков жана Нарендра Моди ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегация мүчөлөрү тааныштырылды.

Андан соң алар чакан курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты