​Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун соту болду

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 14-июнда, Бишкектин Ленин райондук сотунда борбор шаардын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту болду.

Адвокат Сергей Слесарёв Калыс-Ордодогу мектептин курулушу боюнча кылмыш ишин кыскартуу керектигин билдирди.

Себеби Кулматов кылмыш жасаган эмес, ал учурда мэр болуп да иштебей калганын адвокат билдирди.

“Курулушка бөлүнгөн акча кытайлыктар тарабынан коротулган, ал акча бюджетке түшкөн эмес. Бир да күбө Кулматовду күнөөлүү деп айткан жок” деди жактоочу.

Сот ал билдирүүнү канаттандырган жок.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда 2 миллион долларды пайдаланууда коррупцияга жол бергендиги боюнча айыпталууда.

Албек Ибраимов «Дастандын» жетекчиси кезинде 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган деп, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирген деп жана жер бөлүүгө тиешеси бар деп айыпталууда.

Сүрөт: Интернет булавктарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты