Кыргызстан-Индия бизнес-форуму өтүп жатат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 14-июнда, Бишкекте Кыргызстан-Индия бизнес-форуму өтүп жатат.

Бизнес-форум Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында уюштурулган.

Аталган иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди,катышып жатат.

Эки күндүк бизнес форумдда соода алакасы, инвестициялык долбоорлор талкууланат,

Форумда 200дөн ашык киши катышып, алардын арасында чиновниктер, бизнес делегациялардын 50 өкүлү, эки өлкөнүн алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү бар.

«Кыргыз-Индия бизнес-форуму – Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков

«2018-жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү – болгону 37 миллион долларды түздү.

Соода жаатындагы кызматташтыктын дарамети толук кандуу колдонулбай жатат деп эсептейм.

Азыркы Кыргыз-индия соода-сатык мамилелерин бир кыйла жакшыртууга потенциалдык мүмкүндүктөр бар» деди Президент форумдагы сөзүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты