ШКУ мүчө мамлекет башчыларынын кеңири курамдагы жыйыны өтүүдө
- 5 лет мурун
Бугүн, 14-июнда, Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюумуна мүчө мамлекеттердин кеңири курамдагы жыйыны өтүп жатат.
ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет. Алар: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. Төрт өлкө байкоочу макамына ээ. Алар: Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына Индия, Казакстан, Пакистан, Кытай, Россия, Тажикстан, Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын мамлекет башчылары, премьер-министрлери келди.
ШКУ мүчө мамлекет башчыларынын кеңири курамдагы жыйынын ачып, Кыргыз Республикасынын Президенти сөз сүйлөдү.
Андан кийин сөз Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге берилди.
Саммиттин жыйынтыгы менен 30 документке кол коюлары күтүлүүдө.