​Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, “Ата Мекен” партиясынын лидери: “Мени угушканда, Атамбаевди бир эмес, эки жолу соттоп, эки жолу отургузсак болот эле”

— Өмүрбек Чиркешович, 2016-жылы ноябрь айында «Ата Мекен» фракциясы өзүнүн жыйынында Атамбаевди «мыйзамдарды бузду», «бийликти узурпациялады» деп, 10 го жакын жүйө коюп, импичмент процессин баштоону жарыялаган.

Быйыл 12-июнда да Жогорку Кеңештин депутаттары Атамбаевден экс-президент статусун алып, кылмыш жообуна тартуу демилгесин көтөрүштү. Ал жыйында сүйлөгөн депутаттар «Ата Мекендин» ошондогу демилгесин эскерип, туура демилге болгондугун айтышты. Эми экс-президентти кылмыш жообуна тартуу кандай тартипте жүрөт? Сиздер мурун Атамбаевге каршы жыйнаган фактылар, жүйөлөр пайдаланылабы? Ушул жөнүндө айтып берсеңиз…

— «Ата Мекен» партиясы 2016-жылы ноябрь айында эле бир пакет документтерди жыйнап, Атамбаев кайсы мыйзамдарды бузган, анда кандай кылмыш курамы бар, анын чыгарган буйрук жана башка чечимдери Конституцияга, кайсы мыйзамдарга каршы келет, баарын тактап, анан импичмент процессин баштаганбыз. Мен Атамбаевдин тарых алдында, Кылмыш кодексинин алдында жооп берип, жазасын алып, камалышын каалайм.

Бирок, биринчи кезекте Атамбаевдин жүзүн тарых алдында, эл алдында ачыш керек. Кылган кылмышын кынтыксыз далилдеп көргөзүш керек. Шашып, чампалап, эптеп-септеп эле «боло берет, убактылуу камап туралы» деп мыйзамсыз камап жиберсек, ал эртең баатыр, каарман болуп чыгышы мүмкүн.

Эми, мен бир жагдайды баса белгилеп койгум келет. 2010-жылкы Конституциялык реформада биз депутаттардан кол тийбестикти дээрлик алып койгонбуз. Өзгөчө оор кылмыш кылгандыгы үчүн парламенттин уруксаты жок эле депутатты кылмыш жообуна тартса болот. Президентти да жоопко тартууну жөнөкөйлөштүргөнбүз. Эгерде, 40 тан кем эмес депутат «Президент мыйзам бузду, кылмыш жасады» дей турган болсо, Конституцияда көргөзүлгөн жол менен президентти кызматтан алып туруп, анан кылмыш жообуна тартса болот.

Ал эми экс-президентте таптакыр кол тийбестик болгон эмес. Баарыбызга белгилүү, былтыр Конституциялык палата өз чечими менен «экс-президенттер дагы президенттен кем эмес кол тийбестикке ээ» деп чечим чыгарды. «Жогорку Кеңешти мыйзам кабыл алсын» деп милдеттендирди. Ошентип, бүгүн экс-президент кол тийбестикке ээ.

Бирок, мыйзам кабыл алып жаткандар Конституциялык палатанын чечимин түз кабыл алышып, экс-президентке президенттен дагы бийик кол тийбестик статус берип коюптур. «Президентти ар кандай кылмыш кылганы үчүн кызматтан алып, жоопко тартса болот. Ал эми экс-президентти өзгөчө оор кылмыш кылгандыгы үчүн гана жоопко тартууга болот» деген норманы депутаттар жазып коюптур. Ошентип, иш жүзүндө экс-президенттин кылган кылмыштарынын көбү, убагында «Ата Мекен» жылдырып жаткан күнөөлөрдүн көпчүлүгү кечирилип кетип жатат.

— Эмне үчүн, эмнелер өзгөрүп кетти?

— Биринчиден, «экс-президент өзгөчө оор кылмыш кылгандыгы үчун гана жоопко тартылат» деген жобону депутаттар кабыл алышты.

Экинчиден, Кылмыш кодексинде да бир топ өзгөрүүлөр болду. Мисалы, биз президентти айыптаган беренелер: «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу». Бүгүн бул боюнча эң оор жаза – 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. 10 жылдан жогору жазаланган кылмыштарды «өтө оор кылмыш» деп коет. Демек, экс-президентти бул берене менен камай албайбыз. «Узурпация» (бийликтен аша чабуу). Бул боюнча эң оору – 2,5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул да «өтө оор кылмышка» кирбей калды. Байлыгын эсептеп туруп, «мыйзамсыз баюу» менен камап салайын десек, мыйзамсыз баюуда – 5 жылга чейин эле соттолот экен.

— «Атамбаев саясий оппоненттерин куугунтуктады, саясий репрессия болду» деп жатышат. Ал боюнча кандай жоопко тартса болот?

— Алмамбет Шыкмаматов туура айтты. Атамбаевди «саясий репрессия, саясий куугунтук кылды» деп айыптап жатабыз. Бул куру сөз эле болуп калып жатат. Аны айыпташ үчүн юридикалык факт керек. Ошол камалгандардын бири да акталган жок.

Жалган жалаа жапкан тергөөчүлөр менен прокурорлор, соттор жоопко тартылган жок. Ошондуктан, алар акталмайынча, тиешелүү адамдар жоопко тартылмайынча, экс-президентти бул негиз менен да жоопко тартуу мүмкүн эмес.

Мына, Кылмыш кодексинин «сот бийлигине каршы кылмыштар» деген главасын карап көрөлү. «Сот адилеттүүлугүн жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу максатында, соттун ишине ар кандай формада кийлигишүү айып пул менен гана жазаланат» деп турат.

Ушул жерден айтып кетиш керек. Биз айтып жатабыз, «Атамбаев тергөөчүлөргө, прокурорлорго басым жасап, саясатчыларга жалган айыптарды койдурган» деп. Мейли, тергөөчү, прокурор айтсын, Атамбаев өзү «ооба, мен айтып, ушуну жаса дедим» десин. Андай кылмыш кантип жазаланат экен (?), карап көрөлү.

Сотко чейинки өндүрүшкө, ишти же материалдарды сотто кароого байланыштуу тергөөчүгө, прокурорго, алгачкы тергөө органдарынын кызматкерлерине, коргоочуга, мыйзамдуу өкүлгө же, ошого тете анын жакын туугандарына (жубайына) карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу эмес шантаж же зомбулукту колдонуп коркутса, 2,5 жылга чейин жазаланат экен.

Жалган көрсөтмө берүүгө мажбурласа,2,5 жылга чейин жазаланат экен. 237-берене – прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын ишине тоскоолдук кылуу, кандай гана формада болбосун, 5-категориядагы айып салынат же 1-категориядагы жаза – 2,5 жылга эркинен ажыратылат.

Бул беренелер боюнча, 2,5 жыл, 5 жыл, ашып кетсе, 7,5 жыл жаза каралыптыр. Булардын бири да «өзгөчө оор кылмышка» жатпайт. Ошентип, Атамбаевди бул беренелер боюнча айыптай албайбыз. Буга биз Конституциялык палатанын, өзгөчө, Жогорку Кеңештин депутаттарына экс-президенттин кол тийбестигин кол жеткис кылып көтөрүп коюшканына «рахмат» айтышыбыз керек.

— «Атамбаевди жакынкы күндөрү камайт экен» деген сөз тарап жатат. Демилгени көтөрүү, Жогорку Кеңеште кароо тартиби кандай болот? Эң тез каралса, кандай мөөнөттө каралып бүтөт? Регламентте жана башка мыйзамдарда бул жөнүндө кандай тартип каралган?

— 40тан кем эмес депутат экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча демилге менен Жогорку Кеңешке кайрылат. Ал демилгеде экс-президент кайсы кылмышка айыпталып жатат, кылмыштын кандай курамы бар жана экс-президеттин ошол кылмышты жасады дегенге далил-негиздер көргөзүлүш керек. Бул негизги шарт.

Демилге келип түшкөңдөн кийин, Жогорку Кеңеш 7 күндөн кеч эмес убакытта атайын депутаттык комиссия түзөт. Депутаттык комиссия экс-президенттин кылмыштарын иликтеп, издебейт. Ал жанагы 40тан кем эмес депутаттар киргизген сунушту канчалык туура киргизилди, процедуралар сакталдыбы, чын эле депутаттар айткан кылмыш курамы барбы, алар келтирген жүйөлөр негиздүүбу, орундуубу, ошону гана текшерет.

Азыр кээ бир депутаттар түшүнбөй, депутаттык топту тергөө тобундай көрүп, «Атамбаевдин кылмыштарын иликтеп, жаңы кылмыштарын табат экен» дешүүдө. Жок. Алар кылмыштарын таппайт. Келип түшкөн сунушту гана талдайт жана баа берет.

Атайын комиссия 7 күндөн кем эмес убакта чечимин чыгарат. Ал Жогорку Кеңешке түшөт. Жогорку Кеңештин төрагасы ал тыянакты фракцияларга жана депутаттарга 3 жумушчу күндүн ичинде таратып берет. Тыянак таратылгандан кийин, 7 күндүн ичинде Жогорку Кеңеш комиссиянын тыянагын жана демилгелүү топтун сунушун талкуулайт. Эгерде, чын эле кылмыш кылганга айыптоого негиз бар боло турган болсо, 60тан кем эмес добуш менен чечим кабыл алып, «экс-президентти күнөөлөөгө негиз бар экен» деп чечим кабыл алып, төрага аны 3 кундүн ичинде Башпрокуратурага жөнөтөт.

Башпрокуратура бир айдын ичинде иликтеп чыгып, өзүнүн тыянагын Жогорку Кеңешке кайра жөнөтөт. Төрага 3 күн ичинде Башпрокуратуранын тыянагын депутаттарга, фракцияларга жана комитеттерге таратат.

Андан кийин 7 күн ичинде Жогорку Кеңеш Башпрокуратуранын тыянагын талкуулайт да, «экс-президенттин статусун алуу демилгеси каралсын» деген чечим кабыл алат. Ошол «каралсын» деген чечим кабыл алынгандан 10 күндөн эрте эмес, 20 күндөн кеч эмес убакытта ал маселе каралып, «экс-президенттин статусу алынсын» деген сунуш добушка коюлат. Ушулардын баарын эсептеп келсек, 2,5 айдан кем эмес убакыт болот.

— Сиз «7 күн ичинде» деп айтып жатасыз. 7 күндү күтпөй, тез караса деле болбойбу? Сиз максималдуу убакыт жөнүндө айтып жаткан жоксузбу?

— Албетте, 7 күн ичинде 2-3 этабын өтүп койсо деле болот. Бирок Жогорку Кеңеш шашылып жатканын эл көрүп турат. Экс-президентке коюлган күнөөнүн орундуу, негиздүү экендигине, саясий мотив жок экендигине эл шек санап калат. Ошон үчүн өтө тездеткен күндө деле, 1,5-2 ай өтөөрү шексиз. Ал эми андан кийин Атамбаевди жаран катары суракка чакырып, айыбын угузуп, сот процесси балким, 1-2 жылга созулушу мүмкун. Мына, премьерлер Сатыбалдиев, Исаковдун соту деле бир жылдан ашып баратпайбы.

— Депутаттар кечээ экс-президенттин статусун алуу боюнча демилгесине кол топтой баштады. Кол топтоодо мурун кандай документтер, далилдер жыйналышы керек эле?

— Биз 2016-жылы ноябрда президентке бийлигинен аша чабуу жана узурпация боюнча онго жакын далилдерди жыйнаганбыз, олуттуу материал даярдаганбыз. Атамбаевге бүгүн ар кайсы эле кылмышты кое албайсың. «Өзгөчө оор кылмыш» болсо гана жооп берет» деген норманы депутаттар өздөрү киргизип алышкан.

Кызматтык кылмыштардан «өзгөчө оор кылмыш» — бул бир эле берене, «Коррупция». Демек, демилге көтөрөөрдөн мурун, кайсы конкреттүү кылмышка Атамбаевди айыпташат, анын ал кылмышка кандай катыштыгы бар? Аракеттеринде кылмыштын кандай курамдары бар? Аны айыптоого кандай далилдер, негиздер бар? Ушундай документ жыйнап туруп, анан ошонун алдында кол топтош керек.

Мен азыр депутаттар кандай материалдарды жыйнашканын билбегендиктен, айта албайм. Бирок бир нерсени айта алам. Атамбаевди узурпацияга, сот ишине кийлигишкендикке түздөн-түз күнөөлөй албай калышты. Мен былтыр майдан берки айтып келаткан сөздөрүмдү угушканда, Атамбаевди бир эмес, эки жолу соттоп, эки жолу отургузсак болот эле.

Эскерте кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер жана мурдагы депутат Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен коррупцияга айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Текебаев Кардиология жана терапия улуттук борборунда дарыланууда.

Динар ТУРДУГУЛОВА

(Маекти алууга жардам берген адвокат И.Афиджановго ыраазычылык билдирем)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты