Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынын 500 дөн ашык журналист чагылдырат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 14-июнда, «Ала-Арча» резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын чагылдыруу үчүн 500 дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырат

Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Белоруссия, Иран, Монголия жана Япониядан 115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналист аккредитациядан өттү.

Ошондой эле Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү аккредитациядан өттү.

ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз борбору «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын “Энесай” конок Үйүндө жайгашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты