​Экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу сунушу боюнча комиссия курамы (Тизме)

  • 5 лет мурун

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту кароо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамы бекитилди.

Комиссияга КСДП фракциясынан: Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;

«Республика — Ата Журт» фракциясынан: Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;

«Өнүгүү-Прогресс»: Алтынбек Жунус уулу;

«Кыргызстан»: Канат Исаев, Алмазбек Токторов;

«Бир Бол»: Дүйшөн Төрөкулов;

«Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиев бекитилди.

Комиссия депутаттар койгон дооматты карап чыгат жана анын жыйынтыгы менен Баш прокуратурага экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча кайрылат.

Комиссиянын иштөө мөөнөтү жети күн деп белгиленди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты