​Владимир Путин Кыргызстанга келди. Аны Сооронбай Жээнбеков тосуп барды

  • 5 лет мурун

Россия Президенти Владимир Путин бүгүн, 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызставнга келди.

Бул тууралуу Прези денттин басма соз кызматы билдирди.

«Манас» аэропортунда Владимир Путинди Президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ушул жерде эки мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу болду.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Күнү менен куттуктады жана мамлекет башчыларынын ар бир жолугушуусу өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө болоорун канааттануу менен баса белгиледи.

Владимир Путин ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги жыйыны эл аралык күн тартибиндеги маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

Путин Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним билдирди.

Сүрөт: Президентти басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты