Бишкекте батут коопсуздугу сакталбай, көбү мыйзамсыз иштетилип жатат

Кырсык коштогон батут

Батут иштетилген жайлар жаш балдардын сүйүктүү жайына айланып калганын байкоого болот. Бирок батутка секирип, бийикке чыгып, дене-бойду жазып ырахат алып, эс алуу менен бирге, анын кооптуу жагын да эске ала жүрүү керек экенин төмөнкү фактылар ырастады.

9-июнда Балыкчы шаарында шамал учурунда батут ала салып кетип, төрт бала жабыркады. Алардын экөө ооруканага түштү.

Үч жаштагы кыздын абалы оор экени, анын баш мээси жабыркаганы айтылды. Ал эми оор абалдагы анын беш жаштагы агасынын буту сынды.

25-майда Казакстанда, Караганда шаарында, батут ала салып кетип, 12 жаштагы бала көз жумду. Эки бала ооруканага түштү.

Батут коопсуздугу Мамтехинспекциянын көзөмөлүнө кирбейт

Мына ушундай фактылардан улам, Бишкекте батут иштеткен жайлардын коопсуздугун текшерген мекеме барбы деп, Мамлекеттик техникалык инспекциянын Бишкек шаары боюнча инспекциясына кайрылдык.

Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча инспектору Рахат Чодошев батут кооптуу аттракциондун катарына кирбейт жана биздин көзөмөлдө эмес деп айтты.

— Батуттар 2018-жылдагы регламенттин негизинде кооптуу аттракциондордун катарына киргизилген эмес.

Батут кооптуу аттракцион катарына кирбесе да, биздин кѳзѳмѳлдѳ болбосо да, Бишкек шаарынын мэриясына батут иштетүү тартибин жакшыртуу максатында расмий кат жѳнѳткѳнбүз,-деди ал.

Андан ары инспектор Панфилов паркындагы батут жайы канаттандырарлык экенин да кошумчалай кетти.

— 1-июнь балдарды коргоо күнүнѳ карата Панфилов паркына элдин кѳп келишинин негизинде, алдын-ала рейд жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында паркта иштетилген батут жайларынын абалы канааттандырарлык деп табылды, -деди Рахат Чодошев.

“Батут иштетүү кооптуу” дейт батут иштеткендер

Панфилов паркындагы батут иштеткен Калыс батут коопсуздугу тууралуу мындай деди:

  • Батут иштетүү кооптуу. Балдар бийик чыкпасын деп карайбыз.
  • Ар бир батуттун тегереги жерге бекитилип, байланып турушу керек.
  • 3 жаштан 8 жашка чейин гана балдарды ичине ойнотууга болот.
  • 10 баладан ашык киргизбеш керек. Анын себеби ашыкча салмак болуп, күч келет.
  • Батутта секирип, бир жерин кокустатып албашы үчүн көзөмөлдөп туруш керек.
  • Свет ѳчүп калган учурлар болот, андайда беш мүнѳттүн ичинде балдарды сыртка алып чыгуу зарыл, -деди ал коопсуздук шарты боюнча.

Панфилов паркында

Панфилов паркында үч батут иштетилип жатат. Менин байкашыма караганда, үч батуттун экѳѳ талапка жооп бербейт. Анткени батуттун четтери байланган эмес. Батут иштеткендердин бири коопсуздук эрежеси боюнча анын четтери жакшылап байланып турушу керек деп жогоруда айтты. Бул батуттун четтери байланбай эле, бош турат.

Мына ушундай кооптуу батутта балдар улам ойногону келип жатканын көрүүгө болот.

Андагы батуттун жели да жетишсиз, жакшы үйлөнбөгөндүгү билинип турат. Балдар ары-бери секирсе, жели чыгып, бөбөктөргө зыяны тийип калбайбы деп кооптондум.

Ал эми бул Панфилов паркындагы батуттар 1-июнда балдарды коргоо күнүнө карата текшерүүдө канааттандырарлык деп табылганын жогоруда Мамэкотехинспекциянын инспектору айтты. Эгерде канаттандырарлык деп табылгандары мындай болсо, анда башка жактагылары кандай абалда болот деп биз башка жайларды да көрүп келдик.

Эмен паркында

2018-жылы Бишкек шаардык мэриясы парктарда мыйзамсыз орнотулган батут жайларындагы 25 батутту алдырган. Бул тууралуу шаар кеңешинин сессиясында вице-мэр Азизбек Алымкулов билдирген.

Бирок мыйзамсыз деп алынып коюлганына карабастан, борбор шаардын Эркиндик бульварына жана Эмен паркына кайра эле батутту орнотуп алышкан. Шаардыктар андагы батуттун санитардык абалына, тазаланбаганына арызданып, балдарга инфекция жугузат деп кооптонуп келишет.

Бишкектеги Ата Түрк паркында

Бүгүнкү күнү Ата Түрк паркында төрт батут иштетилип жатат. Биз барганда төртөөнүн бирөөнүн да четтери байланган эмес экен.

Батут иштеткен Айнура анын себебин мындайча түшүндүрдү:

— Менин батут иштетип жатканыма эки ай эле болду. Тегерегин байлап койчумун, жакында эле жиби үзүлүп кетти. Үзүлгөн жип сумкамда жүрөт. Эртең-бүрсүгүнү байлап коем, -деп жооп берди.

Ата Түрк паркынын директору Бешимбек Базарбаев иштетилип жаткан батуттар тууралуу мындай деди:

— Бизде үч батут иштетилип жатат. Чындыгында мыйзамсыз иштетилген дагы бирөө бар. Батуттун иштетилишине шаардык Муниципалдык мүлк башкармалыгы жооптуу. Кокус кырсык болсо, ошолор жооп берет, — деди парктын директору.

Кызыгы, батут иштетип, коопсуздук эрежесин сактабаганн Айнура аттуу кызматкер парктын директору Базарбаевдин жубайы болот экен.

«Ала Тоо» кинотеатрында

«Ала Тоо» кинотеатры тарапта бир батут иштетилет. Анын чети да байланган эмес. Ошентип, Бишкектеги батут жайларында коопсуздук эрежеси сакталбайт деп айтууга болот .

Бишкекте үч гана батут мыйзамдуу иштейт. Калганы- мыйзамсыз

Бишкек шаардык мэриясынын жер тилкесин ижарага берүү боюнча адиси Нурмухаммед Бообеков борбор шаарда үч гана батут мыйзамдуу иштетилээрин билдирди. Ал үчөө тең Жаш Гвардия бульварында. Калган жерлерде батуттар мыйзамсыз иштетилип жатат.

Бишкектеги батут иштетүүнүн абалы ушундай, көбү мыйзамсыз иштетилип жатыптыр. Анда коопсуздук эрежеси сакталбаганына да күбө болдук.

Батут жайларында негизинен кичинекей бөбөктөр, балдар ойнойт эмеспи. Мыйзамсыз иштетилген жана кооптуу жайларда эртеңки күндө, кокус жогоруда айткандай, Балыкчыдагыдай же Казакстандын Караганды шаарындагыдай кырсык болуп кетсе, кантебиз? Борбор шаардагы мыйзамсыз жана коопсуздукту сактабай иштетилип жаткан батут жайларынын абалына көз салгандар барбы?

Айгүл Молдоканова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты