​Си Цзинпин биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпинге биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды.

Си Цзиньпин бул мамлекеттик сыйлык менен Кыргызстан жана Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн сыйланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ал үчүн КЭР Төрагасына Кыргыз Республикасынын эң жогорку сыйлыгын тапшыруу сыймык экенин белгиледи.

«Манас» ордени жашоо символдорун – ачык асманды, күндү жана сууну билдирет, кыргыздарды бириктирген биздин улуу баатырыбыздын атын алып жүрөт. Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө зор салым коштуңуз. Кыргызстанды ар дайым колдоп келатканыңыз үчүн Сизге чоң рахмат», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Cүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

ЖаңылыктарКыргызстанСооронбай ЖээнбековКытайСи Цзинпин