Депутат Мадеминов: “ЖЭБди эл аралык аудитке текшерүүгө берели. Атамбаев күйгөнүнөн айтып жатат”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 13-июндагы, Жогорку Кеңеш жыйынында КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов кечээ парламент көтөргөн экс-президент Алмазбек Атамбаев маселесине кайра кайрылды.

—Алтынчы чакырылыштын депутаттары 5-чакырылышта да андагы Президент Атамбаев менен бирге мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алган. Биз аны менен сыймыктанышыбыз керек.

Атамбаевдин ишинин эң негизгиси—энергетикалык көз карандысыздык, -деди ал.

Алмазбек Атамбаев эмне себептен ачуу сөздөрдү айтып жатканынын себебине токтолду:

—Парламент калыс сөзүн айта албай жатканынан болуп жатат. Парламент ЖЭБ маселесин карап жатканда эл аралык аудитке берели деп сунуш киргизгенде парламент калыс сөзүн айта албай койгон.

Азыр да кеч эмес. ЖЭБ боюнча сот процесси туңгуюкка такалып отурат. Эгер коррупция дей турган болсок, коррупция эки жактуу болот, анда акча берген TBEA компаниясын да сотко чакыртып келели, -деди депутат.

Экс-президент өзүнүн бирге иштешкен, пикирлештери камалып олтурганына кейигендигинен сындап жатат деди депутат.

Кечээ, 12-июнда, Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рысбаев, Канат Исаев, Талант Мамытов, Жанар Акаев, спикер Дастанбек Жумабеков ж.б. экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламент тууралуу айткан ачуу пикирлерин сынга алып, экс-президенттин ишмердүүлүгүн текшерүү зарылдыгын жана аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин көтөрүшкөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты