Кыргыз-кытай кызматташтыгы жана «Тайвань маселеси»

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Кытайдын Төрагасы менен жолугушуу өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.

«Сиздин кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине жеке көңүл буруп жатканыңызды биз жогору баалайбыз.

Сиздин колдооңуз менен Кыргызстанда республиканын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор жүрүп жатат. Көз карандысыздык жылдары ичинде көрсөтүлгөн жардам үчүн биз кытайлык досторубузга ыраазыбыз» деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент «Тайвань маселеси» боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын дагы бир жолу тастыктады.

«Тайвань Кытай территориясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал эми Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү – бүтүндөй Кытайдын атынан сүйлөгөн жалгыз мыйзамдуу Өкмөт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү маселелери боюнча Кыргызстан Кытай менен бирдиктүү позицияны карманарын кошумчалады.

«Коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү көптөгөн олуттуу маселелер боюнча биздин бирдиктүү көз карашыбыз мамлекеттерибиз ортосундагы өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү жана активдештирүү үчүн бекем негиз түзөт деп эсептейм», – деп белгиледи Жээнбеков.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты