​ШКУ жыйынына байланыштуу кайсы көчөлөр убактылуу жабылат?

Жаңылыктар

Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынын өткөрүү учурунда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир катар көчөлөр убактылуу жабыларын Бишкек шаардык жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди.

14-июнга чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа өтүүгө убактылуу чектөө киргизилет:

  • “Манас” аэропортунан, Фучик көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейин;
  • Жибек жолу проспектисинен Жаш гвардия проспектисине чейин;
  • Жаш гвардия проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
  • Манас проспектисинен жана Чыңгыз Айтматов проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин.

ЖаңылыктарКыргызстанБишкекШКУЖол коопсуздугу