Талант Мамытов: «Атамбаевдин ишин тиешелүү органдарга өткөрүп берүү зарыл»

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов бүгүн, 12-июндагы, ЖК жыйынында экс- президент Алмазбек Атамбаевдин жасаган иштерине баа берилиш керектигин билдирди.

Атамбаевдин бардык иштерине баа берип, тиешелүү органдарга өткөрүп берүү зарыл. Эгер ушул ишти аткара албасак, анда Атамбаев айткандай, чыныгы чимкиригин тарта албаган адамдар болобуз» деди Талант Мамытов.

Буга чейин депутаттар Кожобек Рысбаев, Канат Исаев да Атамбаевдин ишине баа берилиш керектигин билдирген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-июндагы митингде сүйлөгөн сөзүндө жана мурдагы создөрүндө Жогорку Кеңеш тууралуу терс пикирлерди айтып келет.

Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президенттин Жогорку Кеңеш депутаттарын салыштыруусу саясий маданиятка туура келбесин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты