Шыкмаматов: «Салянова инисин өлтүрүүгө буйрук берген баш кесер отурган жерге камалды»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 12-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов Аида Салянованы камакка алуудагы мыйзам бузулган жагдайларга токтолду.

Ал Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабековго кайрылды:

—Экс-башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова СИЗО 1-де өзүнун бир тууган инисин өлтурүүнү уюштурган баш кесер менен бир СИЗОдо олтурат.

Ушунун өзү Саляновага болгон моралдык-психологиялык басым, кыйноо деп эсептейм. Экинчиси мыйзамда, гумандуулук мыйзамында да экс-баш прокурорду эч качан СИЗО-1 ге камабайт Эгерде аны камаш керек болсо УКМК СИЗОсуна камалмак.

Конституциялык соттун бул тууралуу чечими бар. Тергөө группасы Аида Салянованы камоодо парламенттин макулдугу керек беле деп тактап караш керек болчу.

Буга азыр баа берилбейт, көз жумду болот, бирок убакыт келет, тийиштүу баа берилет

Сизге, төрага, жеке кайрылам, Сиз бийлик иерархиясы боюнча экинчи кызмат адамысыз, тийиштүу органга тапшырма берип, Аида Салянованын укугун коргоо боюнча мыйзамды калыбына келтирүү керек.

Кеп Саляновада болгон жок, кеп мыйзамдуулукту сактоо боюнча маселеде,- деди депутат Шыкмаматов.

Экс-баш прокурор, Жогорку Кеңештин экс- депутаты Аида Салянова Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалып, 26-июнга чейин камакта калтырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты