Бишкекте манасчы Жусуп Мамайдын эстелиги ачылды

Бүгүн, 11-июнда, Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы залкар манасчылардын катарында этникалык кыргыздардын реформатору аталган, Кыргыз Республикасынын Баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын бюсту ачылды.

Бул иш- чаранын максаты Жусуп Мамайдын манасчылык касиетин даңазалоо жана эмгектерин баалоо, эки элдин ортосунда манас айтуунун, «Манас» эпосунун улуулугун муундарга жеткирүү болуп саналат.

Ачылыш аземге Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дивен, ЖК депутаттары Садык Шернияз менен Каныбек Иманалиев, Кыргыз эл сүрѳтчүсү жана скульптору Тургунбай Садыков, Кыргыз эл Баатыры жазуучу Бексултан Жакиев, Манас таануучу жана изилдөѳѳчү Топчубек Тургуналиев, манасчылар жана шаар тургундары катышты.

Манасчылар манас айтып, театр актёрлору «Каныкейдин Тайторуну чабышы» бѳлүгүн сахналаштырды. Искусство университетинин студенттери да ѳз ѳнѳрлѳрүн кѳрсѳтѳ алышты.

Жусуп Мамайдын чѳбѳрѳсү Тургуналы Жусуп Мамайтегин мындай деп сүйлөдү:

— Бул бюсттун ачылышы биздин үй-бүлѳ үчүн ѳтѳ маанилүү. Биз Кытайда жашап жатсак да ѳз элибиз атамдын эмгегин баалап жатканына кубанычтамын. Эстеликтин ачылышын Кытай менен Кыргызстандын орстосундагы достуктун символу катары эсептейм.

Бюсттун авторлору скульптор Тургунбай Садыков жана архитектор Александар Печёнкин. Скульптор «бул бюстту тургузууда Жусуп Мамайды жакшы билиш үчүн Кытайдын Ак-Чий районуна чейин барганбыз» деди.

Жусуп Мамайдын эмгегин баалоо иретинде 11-12-июнга чейин Кытай Борбордук опера театры А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Манас» операсын коюшат. Ал Жусуп Мамайдын варианты боюнча коюлат.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты