Калемпир оролгон депутаттын каты боюнча иликтөө иштери башталды

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго КР Транспорт министрлигинен келген катка базарда калемпир оролуп сатылган сүрөттү буга чейин чыгарган элек.

Депутат Төрөбай Зулпукаров бул иш боюнча иликтөө иштери башталганын vesti.kg маалымат булагына билдирди.

«Мыйзам боюнча кат 5 жыл сакталыш керек болчу, бул үчүн бизде архив бар. Бирок бул кат кимдин колунан базарга чыгып кеткенин текшерип жатабыз. Балким, бул менин кеңешчимден кеткендир. Бул шалаакылыгы үчүн мен ага сөгүш берип же жумуштан айдайм» деди депутат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты