​ШКУ саммити учурунда коопсуздукту беш миңден ашык милиция камсыздайт

  • 5 лет мурун

Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйыны учурунда коопсуздукту Бишкекте беш миңден ашуун Ички иштер кызматкерлери камсыздайт.

Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев маалымат жыйынында билдирди.

Иш-чарага карата ИИМ тартиптижана коопсуздукту сактоо боюнча иш-чара планын түзгөн.

ШКУ мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны учурунда Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жана ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери тартылат.

Бул күндөру Бишкек гарнизону күчөтулгөн режимде иштейт. Шаардык ИИБ кызматкерлери колонна кыймылын, иш-чара өтүүчү жана делегациялар жашаган жерлерди көзөмөлгө алат.

12-июндан 14-июнга чейин Бишкекте Монголиянын президенти Халтмаагийна Баттулга менен Индиянын премьер-министра Нарендра Модинин расмий жолугушуусу болот. Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин расмий сапары жана Шанхай Кызматташтык уюмунун жыйыны өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты