​Кытай өнөрпоздору “Манас” операсын коюшат

  • 5 лет мурун

Кытайдын Борбордук опера театры 11- 12-июнь күндөрү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында “Манас” операсын коюшмакчы.

Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Актер Юй Цзинжин Манастын образын жаратуу жана аны Кыргызстандын сахнасында көрсөтүү чоң жоопкерчилик экенин айткан.

«Манастын образын жаратуу жана аны Кыргызстандын сахнасында көрсөтүү мен үчүн чоң жоопкерчилик. Мен бул үчүн Кыргызстандын тарыхын окуп, толук маалымат алдым. Абдан толкунданып турам, Кыргызстандык көрүүчүлөрдүн алдында, Манастын жеринде болуу мен үчүн чоң сыймык»деген ал.

“Манас” эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн.

“Манас” операсы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалган. Сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы “Манас” эпосунун негизинде жазылган.

Сценарийдин автору – сценарист Ван Сяолин.

“Манас” операсы Кытайда 9 жолу коюлган.

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапары учурунда да “Манас” операсы көрсөтүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты