​Касым-Жомарт Токаев инаугурацияны 12-июнда өткөрүүнү пландоодо

  • 5 лет мурун

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялап үлгүрсө, президенттин инаугурациясы 12-июнда болот.

Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.

Касым-Жомарт Токаев ант берүү аземин шашылыш өткөрүү себептерин жакында боло турган сапарлары менен түшүндүрдү.

Ал 14-июнда Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат.

Казак президенти «14-июнда Бишкекке, андан кийин Душанбеге барам. Мүмкүн болсо бул саммитен Казакстан президенти толук ыйгарым укуктары менен катышса жакшы болот» деди.

Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын 10-июнда жарыялаган. Касым-Жомарт Токаев 70,76 пайыз добуш менен алдыга чыккан.

Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алтынчы жолу президенттик шайлоо өттү. Дээрлик отуз жыл бою өлкөнү Нурсултан Назарбаев башкарган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты