ШКУ иш-чаралары учурунда жолдордо убактылуу чектөө киргизилет

  • 5 лет мурун

Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир жолдорунда убактылуу чектөөлөр коюлат.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет.

Делегация өтө турган Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында иш-чараларды өткөрүү учурунда маал-малы менен жолдор убактылуу жабылат.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өтө турган иш-чаралардын жанында 12 эвакуатор тартылат.

Имешесиз жерлерде токтотулган жана кароосуз калган автоунаалар эвакуацияланат.

Маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы шаардын тургундары менен жашоочуларын түшүнүү менен кабыл алууларын суранат.

“Айдоонун эрежелери менен маданиятын сактаңыздар. Транспорт каражаттарын такталбаган жерлерге токтотпоңуздар жана кароосуз калтырбаңыздар. Карама-каршы тилкеге чыгып, тыгындарды жана жол кыймылынын башка катышуучуларына ыңгайсыздыкты жаратпаңыздар!“ деди жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр.

Башкы иш-чара — Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңеши Бишкекте 14-15-июнда өтөт.

ШКУга 8 өлкө мүчө болуп саналат. Алар: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикистан жана Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ: Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия. Диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр — Азербайжан жана Түркия.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты