Журналисттин кебетесине асылган Туйгуналы Абдраимов кызматынан айдалды

  • 5 лет мурун

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан алып салды. Тиешелүү буйрукка Абылгазиев бүгүн, 10-июнда кол койду.

Эске салсак, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында чыккан чатакты чагылдырып жаткан кабарчылардын биринин кебетеми жакпаганы үчүн маек бербей турганын айткан. Чиновниктин бул жооругун коомчулук терс кабыл алып, анын кызматтан кетишин талап кылып жатышкан.

Абдраимов кийинчерээк дагы бул жоругуна өкүнбөй турганын, кабарчы кыздан кечирим сурабай турганын айткан болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты