10-12-июнда аба ырайы туруксуз болот

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын аймагында 10-июндан 12-июнга чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

10-июнда Чүй облусунун тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-июндан 12-июнга чейин Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

10-июндан 12-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калк жана мекеме, ишканан, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл деп билдирди Өзгөчө кырдаалар министрлиги.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты