Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, “Ата Мекен” партиясынын лидери: “Аида Салянованы камоо Конституцияга каршы келет”

— Өмүрбек Чиркешович, Аида Салянованы камакка алуу Конституциянын нормаларына туура келеби?

— Конституцияда кээ бир кызмат адамдарына иммунитет каралган. Иммунитет кызмат адамдарынын өз милдетин, өз функциясын көз каранды болбостон аткарыш үчүн кепилдик берген институт. Биздин Конституцияда төмөндөгү кызмат адамдарына иммунитеттер каралган: Президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар жана Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Баш прокурорду кылмыш жообуна тартууга Жогорку Кеңеш гана уруксат берет. Ал эми судьяларды кылмыш жообуна тартуу үчүн соттор кеңешинин макулдугун алуу зарыл.

— Бул кызматта турган адамдар жөнүндө сөз болуп жатат да. Алар кызматтан кеткенден кийин Конституцияда кандай тартип каралган?

— Мен санап өткөн кызмат адамдары кызматтан кеткенден кийин кандай иммунитетке ээ болоору Конституцияда көргөзүлгөн эмес. Бирок, былтыр Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү маселени карап жатып, “экс-президент да президенттен кем эмес кол тийбестикке ээ болуш керек” деген чечимин чыгарып, Жогорку Кеңешти ошондой мыйзам алууга милдеттендирген. Баарыбыз билебиз, Конституциялык палатанын чечими жакса, жакпаса да, аны бүтүндөй Кыргызстандын территориясында аткарууга жатат.

Былтыр Конституциялык палата дагы бир чечим чыгарды. Ал чечиминде экс-судьялар да иммунитетке ээ болот деп айтышкан.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы төрт экс-судьяга иш козгогон. Ал судьялардын адвокаты Чынара Жакупбекова болгон. Ал азыр менде адвокат. Ошол судьялар сотко кайрылышып, шаардык, облустук, Жогорку сот Конституциялык палатанын чечимине таянып, “экс-судьялар да судьялардай эле кол тийбестикке ээ, экс-судьяларды кылмыш жообуна тартыш үчүн Баш прокуратура соттор кеңешинин макулдугун алыш керек” деген чечим чыгарган.

Ошентип, Кыргызстанда Конституциялык палата менен Жогорку сот иммунитет институтун тактап, Конституциялык нормаларды кандай түшүнүш керектигин аныкташкан. Бул соттордун чечими Кыргызстандын аймагында сөзсүз аткарылышы зарыл. Баарыбызга белгилүү Аида Салянова ал Баш .прокурор болуп турган мезгилдеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, экс-баш прокурор Аида Салянованы кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек.

Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзгөн адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек.

— Ушуну УКМК дагы, ИИМдеги, Баш прокуратурадагы юристтер, тергөөчүлөр билишкен жокпу?

— Мына ушул окуянын өзү бизде компетенттүү, профессионалдуу кадрлар таңсык экендигин көргөзөт. Бүгүнкү тергөөчүлөр Конституциянын нормаларан түшүнүшпөйт. Кыргызстандагы укук колдонуу практикасы менен тааныш эмес. Болбосо алар Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерин билип, ошого ылайык иш алып барууга милдеттүү эле.

Аида Саляновага болгон мыйзамсыз, Конституцияга каршы келген иш-аракеттерди Жогорку Кеңеш териштирет деп мен ишенгим келет.

Динар ТУРДУГУЛОВА

Эскерте кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер жана мурдагы депутат Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен коррупцияга айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Текебаев Кардиология жана терапия улуттук борборунда дарыланууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты