Салянова кардиологдун жардамына муктаж

  • 5 лет мурун

Бишкектеги №1 СИЗОдо отурган экс-башкы прокурор Аида Салянова кардиологдордун толук текшерүүсүнөн өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкери Гүлбарчын Ормонбекова «Азаттыкка» билдирди. Ал тергөө абагында 7-июнда, Салянованын баш коргоо чарасы аныкталгандан кийин кирип чыккан.

«Эч кандай кыйноо, катаал мамиле болгон жок деп айтты. Бирок ден соолугуна байланыштуу кардиологдун толук текшерүүсүнө, УЗИден өтүүгө муктажмын деди. Кармоо шартын, камераны көрдүк. Жакшы эле экен. Тамак-ашы бар» деди Салянова тууралуу.

Ормонбекованын айтымында, Саляновага кардиологдор бүгүн, 10-июнда жөнөтүлмөй болгон.

Эске салсак, Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгып кетишине байланыштуу камакка алынган болчу. Ден-соолугуна жана жаш баласы бар экендигин айтып актоочулары өтүнүч келтиргенине карабастан Биринчи май райондук соту аны камакка алуу чарасын тандап алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты