​Нурлан Акматов ЕЭК министри болуп дайындалды

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын атынан Нурлан Акматов Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсү, министр болуп дайындалды.

Бул тууралуу ЕЭК сайтында жазылды.

Буга чейин ал кызматта Мукай Кадыркулов иштеген.

Нурлан Акматов 2018-2019-жылдары «Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгын жетектеген. 2011-2018-жылдары “ГазпромнефтьАзия” төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1995-жылы Кыргызстандын Бажы кызматынын катардагы инспекторлугунан анын төрагасына чейинки эмгек жолду басып өткөн.

3-апрелде Кыргызстан казак чек арасындагы абалга, Кытайдан товар ташуудагы көйгөйлөргө байланыштуу министр ЕЭКтен чакыртылып алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты