​Мырзабек Тойбаев бүгүн акыркы сапарга узатылат

  • 5 лет мурун

Улуттук адабият менен маданият орду толгус оор жоготууга учурады. 8-июнда 84 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург Мырзабек Тойбаев дүйнөдөн кайтты.

Мырзабек Тойбаев 1935-жылы, 25-январда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1965-1968-жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда аспирантурада окуган. 1970-жылы «Кыргыз драматургиясындагы жаңы адамдын образы» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

Эмгек жолун 1958-жылдан радионун редактору, Фрунзе телекөрсөтүү студиясында жооптуу редактор болуп иштөөдөн баштаган.

Эң биринчи китеби «Ак пейил» 1963-жылы жарык көргөн. Анын «Ак пахта»(1965), «Жүргүлө, достор!»(1966), «Ынтымак»(1967), «Замандаштардын образы жана сахна»(1968), «Мезгил, адам, драма»(1970), «Жаңы келин»(1973), «Турмуш, сахна, мүнөз» (1975), «Драмалар жана комедиялар»(1990), «Чыгармалар»(1997), чыгармалар жыйнагынын 7 томдугу (2007) жана башка китептери жарык көргөн.

Ал адамдын жашоо-турмушунун, коомдун көптөгөн проблемаларынын оош-кыйыштарын көз жаздымында калтырбастан, өтө таамай чагылдырылган калемгер болгон. Ал эми анын «Жаңы келин», «Жоронун жоруктары» пьесалары кыргыз драматургиясынын классикасына айланган.

Мырзабек Тойбаев Хамза Хакимзаде Ниязинин, С. Михалков, А. Чехов, К. Мухаметжанов, Д. Исабеков, А. Абдугафуров? Петер Шүттүн чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Маркум менен коштошуу бүгүн, 10-июнда, саат 10.00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты