Кыргыз эл артисти, режиссер жана оператор Нуртай Борбиев көз жумду

  • 5 лет мурун

82 жаш курагында Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү оператор жана режиссер Нуртай Борбиев 8-июнда көз жумду.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Нуртай Борбиев 1937-жылы 15-январда Чүй облусунун Кызыл-Аскер айылында туулган. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун режиссерлукк факультетин аяктаган.

Ал 1959-жылы «Кыргызфильм» студиясында оператордун жардамчысы болуп эмгек жолун баштап, 1962-жылдан өз алдынча оператор жана режиссер катары документалдык жана көркөм фильмдерди тарта баштаган.

Анын оператор катары «Алай кырларында», «Манасчы», «Тору-Айгыр тумшугу», «Ак илбирстин тукуму» ж.б. фильмдери белгилүү. Режиссер катары «Айдың», «Дунгандар» ж.б. фильмдерди тарткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты