Соттук-укуктук реформа боюнча Ысык-Көл жана Нарында көчмө иш-чаралар өтөт

  • 5 лет мурун

9-июндан 13-июнга чейин соттук-укуктук реформалардын иш-чараларына мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу топ мүчөлөрүнүн катышуусунда Ысык-Көл жана Нарын областтарында көчмө иш-чаралар өткөрүлөт.

Иш-чара сот реформасы боюнча кеңештин катчысы, президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаевдин жетекчилиги алдында өтөт.

Аталган иш-чаралардын негизги максаты жаңы кылмыш-жаза укуктук мыйзамдарынын алкагында тийиштүү мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөө болуп саналат.

Көчмө иш-чаралардын жүрүшүндө пробация органдарынын иши, сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын иши менен таанышуу пландаштырылууда.

Эске салсак, соттук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Эксперттик топ курамына Президенттин, өкмөт аппараттынын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, ИИМ, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуу-укук таануучулар, адвокаттар, көз карандысыз эксперттер, жарандык коом өкүлдөрү кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты